Окуу бүттү: абитуриенттер качан жана кайсы окуу жайларга тапшырышат?

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2022-окуу жылына ЖОЖдорго абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графигин иштеп чыкты.

Министрликтин жарыялаган графиги боюнча, абитуриенттерди кабыл алуунын биринчи туру 12-июндан 17-июнга чейин өтсө, экинчи туру 19-июлдан 23-июлга чейин өткөрүлөт. Ал эми акыркы үчүнчү туру, министрликтин уруксаты менен гана 21-июлдан 31-июлга чейин созулат.
Белгилей кетсек, быйыл абитуриенттерди кабыл алуу учурдагы пандемияга байланыштуу он-лайн режиминде «Абитуриент Online» сайтында өткөрүлөт.

Эске салсак, абитуриенттер ЖОЖдорго жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынышат.

Учурда Бишкекте 17 өкмөттүк жана 12 жеке ЖОЖ бар. Ал эми статус жагынан алып караганда Кыргызстанда 4 ЖОЖ алдыңкы окуу жайлардан болуп эсептелет, алар: кыргыз-түрк “Манас” университети, кыргыз-орус “Славян” университети, АУЦА жана Кыргыз мамлекеттик медициналык университети. Ошондой эле Кыргызстан Эл аралык Университетинини рейтинги да жогорулоодо.

Комментарий жиберүү