Омикрондун адаттан тыш белгилери аталды: бело оруйт, көз чылпактайт

Учурда Кыргызстанда да жайылып жаткан коронавирустун омикрон штаммынын дагы эки белгиси айтылды.

Омикрон штаммы жуккан адамдын бели да оорушу мүмкүн. Бул тууралуу Орусиялык эмгек сиңирген дарыгер, мануалдык терапевт Андрей Кабычкин билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Ал бел, арка жактар башка илдет учурунда да адамдын тынчын алышы мүмкүн экенин, бирок бул “омикрон” штаммын жуктуруп алган учурдун да белгиси экендигин айтты.

Дарыгер ошол эле учурда аталган илдеттин себептери көп болушу мүмкүндүгүн, медициналык жактан текшерүү гана эмнеден болуп жаткандыгын аныктай тургандыгын эскертти.

“Тесттен өткөндөн кийин гана туура жана так диагноз коюуга болот. Дарыгер тигил же бул симптомдорду карап, салыштырып, дартты аныктап, ошондон кийин гана дарылоону жазып бериши керек”, – деди ал.

Коронавирустун омикрон штаммы – вирустун өтө жугуштуу варианты. Анын белгилери – бул тамак оору, кургак жөтөл, мурундун бүтүшү, дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык жана баш оору.

Ал эми Улуу Британиялык терапевт Нина Аслам омикрон конъюнктивит аркылуу да өзү туурасында “кабар берерин” айткан.

Аталган илдеттин дагы бир белгиси көздөн байкалышы мүмкүн. Бул – конъюнктивит.

Конъюнктивит — бул көздүн былжыр кабычасынын сезгениши. Дарттын белгилерине көздүн кызарышы, жаш агуусу, чылпактоосу, кычышып өйкөлүүсү кирет.

Комментарий жиберүү