«Омикрон» Европага жана дүйнөгө жаңы сокку урууда

Коронавирустун жаны “омикрон” штаммынын дүйнө жүзүнө тез аралышы көптөгөн өлкөлөрдү чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур кылууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, коронавирустун “омикрон” штаммы дүйнөнүн 89 өлкөсүндө аныкталды. Өткөн суткада ал Иранда, Украинада, Египетте жана башка бир катар өлкөлөрдөн табылды.

Жаны штаммдын тез жайылып жаткандыгынан жана изилденбегендигинен улам бир катар өлкөлөрдө жаңы чектөөлөр киргизилүүдө.

Улуу Британиянын борборунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Лондондун мэринин айтымында, өлкөдө оору жуктургандардын жана ооруканага жаткырылгандардын жаңы учурлары көбөйүп жатат.

Австрия 20-декабрдан тарта “омикрон” штаммынын жайылышына байланыштуу, эмдөөдөн өткөн жана COVID-19 менен ооруп, айыккандарга гана кирүүгө уруксат берет, ошондой эле алар ПЦР-тестинин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

Ал эми Нидерландда 19-декабрдан 14-январга чейин локдаун киргизилди. Бул мезгилде бардык бар, ресторандар, дүкөндөр (эң керектүү товарларды саткандардан тышкары), кинотеатрлар, театрлар, музейлер, спорт залдар жабылат.

Дания дагы “омикрондун” жайылышына байланыштуу жаңы чектөөлөрдү киргизгени жатат.

Германия жана Португалиянын бийлиги жаңы чектөөлөрдү киргизе элек, бирок дүйнөнү коронавирустун жаңы толкуну каптай турганын жарыялашты.

SARS-CoV2 коронавирусунун жаңы түрү биринчи жолу ноябрда Ботсванада жана Түштүк Африкада табылган. Штаммда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун ондогон мутациясы бар.  Алдын ала тыянактар боюнча коронавирустун бул варианты иммунитети абдан алсыз, СПИД менен ооруган же ВИЧ жугузуп алган кишинин организминде өнүккөн.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен “омикрон” деп атаган.

ДССУ “омикрон” штаммынын жайылышынан улам ооруканага жаткырылгандардын жана каза болгондордун санынын көбөйүшүн күтүүдө. Окумуштуулар ошондой эле учурда үстөмдүк кылып турган “дельтаны” сүрүп чыгарат деп болжолдошууда.

Комментарий жиберүү