Ооганстандагы кризис: Борбор Азияга качкындардын агымы менен террорчулар да кириши мүмкүн

«Ооганстандагы гуманитардык курч кризис коңшу өлкөлөргө баңгизат ташыган кылмыштуу топтордун ишинин жандануусун шарттайт, ошондой эле качкындардын агымы менен эл аралык террорчулардын Борбор Азия регионуна жана Орусияга кирип келүү тобокелчилигин жаратат».

Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Чек ара кызматынын жетекчиси Владимир Кулишов билдиргенин РИА Новости жазды.

Кулишев “Российская газета” басылмасына берген маегинде 2021-жылы Ооганстандан Борбор Азияга ташылып чыккан баңгизаттын көлөмү эки эсе өскөнүн билдирди.

Анын айтымында, учурда Ооганстандагы абал оор бойдон калууда. Саясий-экономикалык себептерден тышкары, өлкөдөгү кырдаалдын курчушуна республикадагы бийлик түзүмдөрүндө өзүнүн позициясын күчөтүүгө умтулган, анын ичинде учурдагы бийлик менен да каршылашып жаткан эл аралык террордук уюмдардын түрдүү топторунун болушу олуттуу таасирин тийгизүүдө.

«2021-жылы Ооганстандан Борбор Азияга алып өткөн баңгизаттын көлөмү эки эсе көбөйдү. Тажикстанда эле мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3,5 тоннадан ашык баңгизат каражаттары алынган, 2020-жылы бул 1,7 тонна болчу», – деди генерал.

Кулишев орусиялык чек арачылар тажик, кыргыз жана казакстандык өнөктөштөрү менен тыгыз иштешип, айрым учурларда баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган биргелешкен профилактикалык жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышканын белгиледи

Бүгүн, 27-май Тажикстандын борбору Душанбе шаарында өткөн көп тараптуу консультациялардын жүрүшүндө РФнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандан келген качкындардын агымына туш болушу мүмкүн экенин билдирген.

Комментарий жиберүү