Ооганстанда аялдар жетекчилик кызматка дайындала баштады

Ооганстанда «Талибан» кыймылы бийликке келгенден бери биринчи жолу Кабулда аялдар жетекчилик кызматтарга дайындала баштады.

Бул тууралуу өлкөнүн маалымат жана маданият министринин орун басары Забихулла Мужахид «Твиттердеги» баракчасына жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышты.

«Талибан» өкмөтүнүн төрагасынын буйругу менен доктор Малалай Рахим «Малалай» адистештирилген төрөт үйүнүн директору жана Жогорку билим берүү министрлигинин сунушу менен доктор Ариан Шахрор кварталындагы гинекологиялык клиниканын директору болуп дайындалды», – деп айтылат маалыматта.


Аялдарды жетекчилик кызматтарга дайындоо боюнча чечим «Талибан» өкмөтү менен эл аралык уюмдардын көптөгөн жолугушууларынын жыйынтыгынан кийин кабыл алынган. Жыйындардын ар биринде Ооганстандын коомдук жана саясий турмушундагы аялдардын укуктары боюнча маселелер көтөрүлүп турган.

Белгилей кетсек, буга чейин Талибан өлкөнүн көпчүлүк провинцияларында кыздардын мектептерге кирүүсүн чектеп, телеканалдагы диктор кыздарды хиджаб кийүүгө милдеттендиргени маалымдалган.

Кабулда аялдар Талибандын мындай аракеттерине каршы экенин билдирип, бир нече ирет нааразычылык митингине чыгышкан.

Комментарий жиберүү