Ооганстанда кышында гуманитардык катастрофа болушу мүмкүн

 Ооганстан келе жаткан кышта гуманитардык катастрофага кабылышы ыктымал.

Мындай пикирин Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун операциялар боюнча директору Мартин Шупп The Washington Post гезитине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, оогандар күн санап жашоо үчүн жана үйлөрүн жылытууга жок дегенде отун сатып алуу үчүн болгон мүлкүн сатууга барган сайын аргасыз болушууда. Мындан тышкары, өлкөдө азык-түлүккө жана негизги керектелүүчү товарларга болгон баалар тынымсыз жогорулап жатат.

Шупп Ооганстан Талибандын бийлиги астында экинчи кышты сырттан жардам албастан өткөргөнү жатканын жана өлкөдө абал оор экенин белгиледи.

Ошондой эле, бүтүндөй өлкөнү көзөмөлдөгөн талиптерге каршы санкциялар, банктык которуулардын толук токтотулуусу жана Ооганстандын валюталык резервинин тоңдурулганы абалды ого бетер курчутуп жатканын баса белгиледи.

Ал Ооганстан учурда НАТО контингентинин кетиши менен токтоп калган Батыштын каржылык жардамына көз каранды экендигин билдирди.

Комментарий жиберүү