Ооганстанда мечитте болгон жардыруудан 18 киши каза болду.

Ооганстандын батышындагы Герат шаарындагы мечитте жардыруу болуп, кеминде 18 киши каза болду.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жардыруу кечээ, 2-сентябрда жума намаз учурунда болгон. Каза болгондордун арасында акыркы жыйырма жылда өлкөдөгү Батыш колдогон өкмөттү сындаганы менен белгилүү болгон, динаятчы Мужиб Ар-Рахман Ансари да бар.

Шаардын полициясынын басма сөз катчысынын айтымына караганда,  жардыруунун максаты Талибан кыймылына жакын диниятчы Мужиб Ар-Рахман Ансари болгон. 

Кол салууда аны менен кошо жан сакчылары жана шериктеринин тобу өлтүрүлгөн.

Айрым маалымат булактары бул жанкечтилик кол салууда жарадар болгондордун жана каза болгондордун санынын 100дөн ашканын жазышууда. Бирок, Талибан өкүлдөрү каза болгондордун саны 18, жарадар болгондордун саны 23 деп билдирди.

Комментарий жиберүү