Ооганстандын өкмөтүн Абдул Гани Барадар жетектеши мүмкүн

Буга чейин Ооганстандын  өкмөтүн талиптердин лидери Хайбатулла Ахунзад жетектээри айтылган.

Бирок, кийинчерээк молдо Абдул Гани Барадар Ооганстандын өкмөт башчысы болуп калышы мүмкүн экени кабарланган.
 Ошондой эле, жетекчилик кызматтарга жаңы талапкерлер белгилүү болду: молдо Мухаммад Якуб жана Шер Мухаммад Аббас.
Бул маалыматты Рейтер агенттиги “Талибан” кыймылынын бир нече булактарына таянып кабарлады.
Белгилей кетсек, буга чейин Барадар Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин башчылыгына талапкер экени айтылган.
Учурда Коргоо министрлигинин башчысынын кызматын Американын Гуантанамо түрмөсүнүн мурдагы туткуну Абдул Каюм Закир ээлейт.
Эске салсак, Ооганстан өзүнүн болочок өкмөтүн түзүү процесси акыркы этабына кирди.

Комментарий жиберүү