Ооганстан: «Талибан» Ирандагыдай жогорку лидери бар башкаруу системасын түзөт

“Талибан” Ооганстанда Ирандагыдай башкаруу системасы менен Ислам республикасын түзөт. Бул тууралуу “News18” агенттиги өз булактарына таянып билдирди.

Булактын айтымында, бийликтеги биринчи адам жогорку лидер болот – ал формалдуу мамлекет башчысы, ошондой эле эң жогорку саясий жана диний авторитет болп саналат.

“News18” маалыматы боюнча, бул адам талибтердин учурдагы лидери Хайбатулла Ахундзада болот. Ал ошондой эле 11ден 72 адамдан турган Жогорку Кеңештин лидери болот.

Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектейт деп божомолдонууда.

Ал учурда Талибандын саясий кеңсесин жетектеген мулла Абдул Гани Барадар же топтун биринчи лидери мулла Омардын уулу мулла Якуб болушу мүмкүн.

Жогорку лидер көпчүлүк учурда Кандагарда болот. Өкмөт Кандагарда же Кабулда иштейби “News18” агенттиги тактаган жок.

Ооганстандагы бийликтин структурасы боюнча акыркы чечим бир жуманын ичинде кабыл алынышы күтүлүүдө.

Буга чейин 24-августта “Foreign Policy” гезити талибтер өлкөдө президенттик же башка жеке лидерлик кызматты калыбына келтирүү ниети жок экенин жана өлкөнү 12 кишиден турган кеңеш башкарарын маалымдаган.

Комментарий жиберүү