Ооган аялдары митингге чыгышты

Ондогон аялдар Ооганстанда өз укуктарын коргоо үчүн нааразылык акциясына чыгышты, деп жазат Daily Mail.

Ооганстандын Герат шаарында 70ке жакын аял нааразылык акциясына чыгышып, талибдердин жаңы жетекчилигинен аялдардын укуктарын сактоо жана кеңейтүүнү талап кылышты.
Эске салсак, “Талибандын” биринчи бийлиги учурунда, алар 2001-жылы АКШ жетекчилиги тарабынан кулатылганга чейин, аялдар менен кыздар негизинен билим алуудан жана жумушка орношуудан куржалак калышкан.
Ошондой эле “бурка кийүү” (бетин толук жапкан кийим) коомдук жайларда милдеттүү болуп калды. Аялдар эркектердин коштоосусуз үйдөн чыга алышчу эмес, ал эми көчөдө нааразычылык акциялары ойго да келбейт.
Митингге чыккан аялдардын бири мындай деди: «Биз бурка кийүүгө даярбыз, бирок биз аялдардын мектепке барып иштөөсүн каалайбыз. Билим, коопсуздук жана жумуш – бул биздин негизги укуктарыбыз .”
Митингдин уюштуруучусу Фрибе Кабрзани аялдар жаңы өкмөттүн түзүлүшүнө, атап айтканда министрлер кабинети менен аксакалдар кеңешине кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектигин айтты.
Анын айтымында, оогандык аялдар акыркы жыйырма жылдын ичинде азыркы нерсеге жетүү үчүн көптөгөн курмандыктарга барышкан жана алар менен коштошууга даяр эмес.
 “Биз дүйнө бизди угушун каалайбыз, биз өз укуктарыбызды сактап калгыбыз келет”, – деди Кабрзани жана буга чейин көптөгөн аялдардын өлтүрүлүшүнөн корккондуктан нааразылык акциясына чыгууга тыюу салынганын белгиледи.
Эске салсак, 2 -сентябрда, “Талибандын” өкүлү Ооганстандын жаңы өкмөтүндө маанилүү же чоң кызматтарда иштеген аялдар дайындалбай турганын айткан.
Герат провинциясы Ирандын чек арасына жакын жерде жайгашкан байыркы Жибек Жолу шаарында орун алган. Бул аймакта көбүнчө шия мазхабындагы оогандыктар жашашат жана динди катуу карманышат.

Комментарий жиберүү