Ооз жана мурун канайт. Ооганстанда белгисиз коркунучтуу оорунун очогу катталды

Ооганстандын Забул провинциясында өлүмгө алып келген белгисиз оорунун очогу катталды.

Бул тууралуу чет элдиа басылмалар Ооганстандын саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Абдул Хаким Хакимиге шилтеме берүү менен билдиришти..

Хакиминин айтымында, бул илдетке чалдыккандардын саны 80ден ашкан жана алардын ичинен эки бала каза тапкан.

Оору биринчи жолу аталган провинциянын чыгышында жайгашкан Шахжой районунда аныкталган. Дене табынын көтөрүлүшү, мурундун жана ооздун канашы оорунун негизги белгилери экени айтылды. Бирок, дарыгерлер инфекциянын так аныктамасын берүү дагы эле кыйын экенин билдиришкен.

Эске салсак, аталган провинцияда ушул эле жылдын жайында кеминде 200 адам белгисиз жугуштуу ооруга чалдыкканы аныкталып, ондогон бейтаптар ооруканага жаткырылган. Анда дарыгерлер оорунун белгилерин холера менен салыштырышкан.

Комментарий жиберүү