Ооруларды айыктыруу үчүн оригами роботу иштелип чыкты

Адамдын денесинин ичинде кыймылдап иштеген робот каалаган убакта формасын өзгөртүп, бурулуп, тар мейкиндикте кыймылдап, багытын өзгөртө алат.

Япониялык илимпоздор, кагазды бүктөө өнөрү “оригамиден” шыктанышып, адамдын денесиндеги ооруларды айыктыра турган роботту ойлоп табышты.

Адамдын денесинин ичинде кыймылдап иштеген робот каалаган убакта формасын өзгөртүп, бурулуп, тар мейкиндикте кыймылдап, багытын өзгөртө алат.

«Миллибот» деп аталган жана дене суюктуктарынан күч алуу менен иштеген аппарат, дарылоону камсыздай турган дары-дармекти алып жүрүүгө жана көйгөйлүү жердеги процесс боюнча маалыматтарды чогултууга жөндөмдүү.

Окумуштуулар аты аталган робот медицинада төңкөрүш жасайт деп үмүттөнүшөт.

Доктур Руике Чжао, амфибия өзгөчөлүгүндөгү бул аппараттын алар иштеп чыккан эң күчтүү жана эң функционалдуу робот экенин белгиледи.

Комментарий жиберүү