Организмдеги Омега-3 жетишсиздигинин беш кооптуу белгиси

Депрессия, теринин кургашы, кургак көз, муундардын оорушу жана чачтын түшүшү организмде омега-3 май кислоталарынын жетишсиздигинин кооптуу белгилери.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Америкалык дарыгерлер организмдин иммундук, жүрөк-кан тамыр жана эндокриндик системаларын сактап калуу үчүн өтө маанилүү болгон омега-3 каныкпаган май кислотасынын организмде жетишсиздигинин кооптуу беш белгиси жөнүндө макала жазышты.
Биринчи белги: Теринин кыжырдануусу жана кургашы
Адистердин айтымында, эгер организмде омега-3 жетишпесе, анда ал теринин абалына таасирин тийгизет. Мисалы, тери сезимтал, кургак болушу мүмкүн же безетки чыгышы мүмкүн. Омега-3 теринин сезгенүүсүн азайтат. Нымдуулуктун жоголушу, күнгө сезгичтик дагы анын организмде жетишсиз экенин билдирет.
Бир изилдөөдө атопиялык дерматит жана экзема менен ооруган адамдарга омега-3кө бай кара куурай майы берилгени жазылган. Натыйжада, бул оору менен жабыркагандардын терисинде кургактык жана кычышуу аз болуп, жергиликтүү дарыларды аз колдоно башташканы байкалган.
Экинчи белги: Депрессия
Депрессия менен ооруган адамдардын көпчүлүгүндө омега-3 жетишпейт. Изилдөөлөр омега-3 каныкпаган май кислоталары менен азык кошулмаларын кошумча ичүү кээ бир адамдардын психикалык саламаттыгын жакшыртууга жардам берерин көрсөттү. Ошондой эле, адистердин айтымында бул май кислоталары мээнин иштеши үчүн абдан маанилүү. Мындан тышкары, омега-3 каныкпаган май кислоталары альцгеймер, акыл-эс жана биполярдык бузулуулары бар адамдар үчүн пайдалуу.
Үчүнчү белги: Кургак көз
Омега 3 көздүн ден-соолугуна, анын ичинде көздүн нымдалышында чоң роль ойнойт. Эгер адам көзүнүн кыжырданып же кургак болуп жатканын байкаса, анда курамында омега-3 бар азыктарды көбүрөөк пайдалануусу керек. Албетте, муну дарыгердин кеңеши менен жасашы керек.
Төртүнчү белги: Муундардын оорушу
Бир катар изилдөөлөргө караганда, сөөктү каптаган кемирчек жок болуп, ревматоиддик артритке алып келген “артроз” оорусу менен ооруган бейтаптарга омега-3 жардам берген учурлар болгон. Демек, организмде омега-3 май кислоталарынын жетишсиздиги дагы бул оорунун себеби болушу толук мүмкүн.
Бешинчи белги: Чач көйгөйлөрү
Омега-3 май кислоталары чачтын калыңдыгын, текстурасын жана бекемдигин сактап, чачтын түшүшүн жана кургак болушун токтотууга жардам берет.
Омега-3 лосось, сельдь, деңиз окуну, сардина сыяктуу майлуу балыктарда көп. Ошондой эле өсүмдүк майлары, зыгыр, хиа жана жаңгак дагы аталган май кислоталарына бай келет.

Комментарий жиберүү