Орозонун ден соолукка тийгизген пайдалары

Рамазан айында орозо кармоо көптөгөн оорулардан айыктырат.

Бул заманбап илимий изилдөөлөрдө далилденген.

Мусулмандардын орозосунун пайдасы тууралуу изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, орозо туткан адамдын ден соолугу чыңдалып, бир топ оорулардан алыс болору байкалган.

Орозонун ден соолукка тийгизген таасирлери:

–  Иммундук система жакшырат

Бул ыйык айда орозону туура кармоо иммунитетти көтөрөт. Лимфа бездеринин активдүүлүгү 10 эсе жакшырып, спецификалык иммундук функцияларды аткарган клеткалардын саны көбөйөт.

–  Организм токсиндерден тазаланат

Орозо кармаган адам жеп-ичүүдөн тыйылгандыктан, организмдеги ички ресурстар мобилизацияланып, топтолгон май жана токсиндердин организмден чыгышына шарт түзүлөт. Бөйрөктө таштын пайда болушунун алдын алуу процесстери жүрөт, анткени бөйрөктө натрийдин көлөмү көбөйөт, бул галийдин кристаллдашуусуна жол бербейт.

–   Семирүүнүн жана анын кесепеттеринин алды алынат

Бул орозо мезгилинде жетишилген руханий жана психикалык туруктуулуктун натыйжасында ишке ашат. Орозо туткан адамда табигый тамак-аштарды, сусундуктарды, жашылча-жемиштерди колдонууга каалоо күчөгөндүгү далилденген. Ошондуктан, Рамазан айы – сергек жашоо образына көнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болуп эсепетелет.

–  Репродуктивдүү функциялар жакшырат

Изилдөөлөрдө орозо кармаган эркектерде да, аялдарда да репродуктивдүү функциялар жакшырганы далилденген.

–  Сезгенүү жеңил өтөт

Орозодо тамактан баш тартуу сезгенүү процесстеринин жана аллергиялык оорулардын азайышына жана жоголуусуна себеп болот.

–  Тери жана көз тазаланат

Орозо кармаган адамдын организминдеги регенеративдик процесстердин аркасы менен тери жана көз алмасы тазаланат. Орозо туткандан кийин көздүн агы тунук жана жарык болуп калгандыгы байкалат.

–  Эс тутум жакшырат

Орозо учурунда жеп-ичүүдөн тыйылуу организмге топтолгон энергияны жакшыраак ишке ашырууга жардам берет, окуу жөндөмүн жогорулатат, эс тутумун жакшыртат.

–   Инсулинге сезгичтик жогорулайт

Рамазан айында инсулинге болгон сезгичтик жогорулайт, бул – маанилүү өзгөчөлүк. Клетканын инсулинге сезгичтигинин жогорулоосу тамактангандан кийин кандагы канттын деңгээлин жакшы жөнгө салууга шарт түзөт. Бул уйку безинин ишин женилдетет.

–  Тамак сиңирүү системасы эс алат

Рамазанда туура тамактанып, ифтарда ашыкча жеп-ичпесек, тамак сиңирүү системасы кадимкидей эс алат. Бул бир жылдык оор жумуштан кийин ичеги-карын, ашказанга тайм-аут бергенге барабар десек болот.

–  Зыяндуу адаттардан арылууга жардам берет

Рамазан айында орозо кармоо жаман адаттардан жана көз карандылыктан (тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, баңгизат колдонуу) арылууга чоң өбөлгө түзөт. Орозо кармоо менен организмдин никотин, алкоголь, кофеин жана башка наркотикалык заттарга болгон каалоосу төмөндөйт.

–  Организм жашарат

Атайын изилдөөлөрдө орозо кармоонун натыйжасында адамдын организминдеги алсыз жана оорулуу клеткалар жок болуп, жаңы клеткалардын түзүлүшүнүн пайызы көбөйгөнү байкалган.


Маалымат интернет булактарынан алынды.

Комментарий жиберүү