Орозо айтта эмне кылуу керек?

Исламдагы эки куттуу майрамда ибадат кылуунун сообу чоң.

Майрам түндөрү ибадат кылган адам чоң бакытка ээ болот. Бир хадисте мындай деп айтылат: “Айт майрам түндөрү ибадат кылган адамдын көңүлү көңүлдөр өлгөн күнү өлбөйт.” [Таберани]

Ал эми айт күнү кандай иштерди кылган сооптуу?

Айт күнү эрте туруу, гусул алуу, мисвак колдонуу, жыпар жыт себинүү, жаңы жана таза кийим кийүү, жүзүндө кубанычын билдирүү, шакек тагуу, кезигишкен момундарга жарык жүз менен салам берүү, кедейлерге көп садага берүү, Исламга кызмат кылгандарга жардам берүү, таарынышып жүргөндөрдү элдештирүү, бир тууган, диний бир туугандарды зыярат кылуу, аларга белек алып баруу – сүннөт.

Рамазан майрамында Айт намазынан мурда таттуу жеш, хурма жеш, хурманы 1,3,5 кылып так санга маани берип жеш – сүннөт.

Таарынычта болгондордун майрамды күтпөстөн дароо элдешүүлөрү керек. Аллахты Пайгамбарыбызды сүйгөн адам, адамдардын кемчиликтерине карабайт, аларга карата сабырдуу болот. Жакшы адам [момун адам] алар тараптан келе турчу кыйынчылыктарга дагы чыдайт. Бир кемчилигинен улам эч кимге таарынбоо керек.

Таарыныч болсо дагы үч күндөн артык созулбоосу керек. Эгер майрамга чейин созула турчу таарыныч бар болсо, көп кечиктирбестен элдешүү керек.

“Бири-бириңер менен болгон байланышты үзбөгүлө! Бири-бириңерге аркаңарды салбагыла! Бири-бириңерге кек жана душмандык сактабагыла! Бири-бириңерди кызганбагыла! Эй, Аллахтын кулдары, бир тууган болгула! Бир мусулмандын башка мусулман тууганына таарынып үч күндөн көп алыстоосу адал болбойт.” [Бухари]

Орозо айтта Рамазан кеткендиги үчүн эмес, күнөөлөрүбүз кечирилгендиги үчүн, чоң сооп жана ниматка жеткендигибиз үчүн майрамдообуз керек.

Хазрети Али: “Бүгүн орозосу кабыл болгондордун жана күнөөлөрү кечирилгендердин майрамы”, – деген.


Айт күнү жеп-ичүү

Суроо: Имам Раббани хазреттеринин Мектубат китебинде: “Айт күнү жеп-ичүү жылдар бою кармалган орозодон да сооптуу”, – деп жазылган. Жеп-ичүү кандайча сооп болууда?


–  Бул жерде сооп болгон нерсе жеп-ичүү эмес, Аллахтын буйругу болгондуктан Анын буйругуна моюн сунуп Айт күнү орозо кармабоо болуп саналат. Айт майрам күнү орозо кармоо харам болгондугу үчүн ошол күнү орозо кармабоонун, б.а., диндин буйругуна моюн сунуунун нафил орозодон дагы баалуу экендиги билдирилүүдө.

Айт күнү тууган-урук, досторду жана аалымдарды зыярат кылуу

Той тамагына чакырылганда ага баруусу сүннөт. Мусулман кишинин башка бир мусулман кишинин үстүндөгү беш акысынын бири – анын чакырыгына баруу. Ал эми ашыкча убаракерчиликке кирген кишинин чакырыгына баруу керек эмес. Сараң кишинин дагы чакырыгына барбоо керек!

“Жоомарт кишинин тамагы – шыпаа, сараң кишинин тамагы – ооруу.” [Дайлами, Ибни Лал, Даре Кутни, Хатиб]
“Эки киши бир убакта чакырып калган болсо, эшиги жакын болгонуна бар! Себеби, эшиги жакын болгонунун акысы мурда келет.” [Бухари]

Айт намазы

Рамазан айы бүткөн күндүн эртеси Айт күнү болуп эсептелет. Быйыл Кыргызстанда бул күн 13-майга белгиленди. Ал эми айт намазы муфтияттын чечими менен эски аянтта эмес, мечиттерде окулуусуна уруксат берилди. Эки рекет Айт намазын окуу эркектер үчүн важиб.

Айт намаздын шарттары Жума намазынын шарттарына окшош. Бир гана айырмасы бар, Айт намазда хутба сүннөт катары саналат жана намаздан кийин окулат.

Орозо айтта намаздан мурун таттуу нерсе (хурма же момпосуй) жеш; гусул алуу, мисвак колдонуу, эң жакшы кийимдерди кийүү, жолдо акырын такбир окуу мустахаб.

Айт намаздары эки рекеттен турат. Жалгыз окулбастан, жамаат менен бирге окулат.

Айт намазы кантип окулат?

1. Алгач: «Ниет кылдым важиб болгон Айт намазын окууга, уюудум даяр болгон имамга», – деп ниет кылып, намазга турулат. Анан «Субханака» окулат.

2. Субханакадан кийин үч жолу такбир кылынып, колдор кулакка көтөрүлөт. Биринчи жана экинчи такбирден кийин колдор ылдый түшүрүлөт. Үчүнчү такбирден кийин колдор киндик астына байланат. Имам алгач Фатиха, анан бир сүрө окуйт, анан чогуу рукуга ийилишет.

3. Экинчи рекетте имам алгач Фатиха жана зам сүрө окуйт. Кийин эки колун үч жолу көтөрүп, ар көтөргөндө такбир айтып эки жагына түшүрөт. Төртүнчү такбир айтканда рукуга барат.

Кыскача: «Эки ташта, бир байла; үч ташта, бир ийил!»,- деп жаттап алууга болот.

Комментарий жиберүү