Орусияда биринчи жолу COVID-19дан 1200дөн ашуун өлүм катталды

Орусияда бир сутканын ичинде COVID-19 менен ооругандардын арасында 1211 өлүм катталды.

Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Бул тууралуу өлкөнүн инфекцияны көзөмөлдөө боюнча оперативдүү штабынын сайты маалымдады.

Курмандыктардын көбү Москвада – 95 адам, Санкт-Петербургда – 88, Краснодар крайында – 47, Ставрополь крайында 42 адам катталды. Жалпысынан пандемия башталгандан бери 249 215 бейтап каза болду.

Ал эми акыркы 24 сааттын ичинде 39 160 жаңы учур аныкталды.

Буга чейин, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын жарыялаган. Министрлик белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Европа аймагында, анын ичинде Орусияда COVID-19 боюнча кырдаал оор болуп турат.

Комментарий жиберүү