Орусияда коронавирустун AY.4.2 деп аталган жаңы мутацияланган түрү аныкталды

Бул тууралуу “Роспотребнадзордун” борбордук илимий-изилдөө институтунун атайын өкүлү Камил Хафизов билдиргенин РИА-Новости сайты жазды.

“Кээ бир жерде жаңыланган ал геновариант: “дельта плюс” деп аталат. Бирок бул аталыш мурда башка вариантка тиешелүү болчу. Ошондуктан азыр кандайдыр бир түшүнбөөчүлүк болуп жатат”,- дейт ал.

Илимпоз AY.4.2 “дельта” линиясынын көптөгөн бутактарынын бири экенин, тактап айтканда, вирустун оригиналдуу жана башка версияларына караганда артыкчылыктары бар экенин түшүндүрдү. Мутация канчалык жугуштуу экенин айтуу азырынча кыйын, илимпоздор бул маселени иликтеп жатышат.

Хафизов AY.4.2нин Орусияда жана дүйнөдө кеңири таралуу ыктымалдыгы кыйла жогору экенин белгиледи. Ошондой эле “дельтанын” бул түрү оорунун кошумча өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин четке каккан жок. Ал кошумчалагандай, адамдарды эмдөө гана ага каршы күрөшүүдө жардам бере алат.

Британиянын саламаттыкты сактоо министри Сажид Джавид да кечээ өлкөдө дельта штаммынын жаңы варианты жайылып жатканын билдирген. Британиялык илимпоздордун айтымында, AY.4.2 баштапкы дельтага караганда 10-15 пайызга жугуштуу болушу мүмкүн.

Комментарий жиберүү