Орусияда мигранттардын айлыгы көтөрүлөт

Орусия Федерациясындагы мигранттардын айлыгы көтөрүлөт.

Бул тууралуу “ВТБ Капитал” “Орусия чакырат!” форумунун жүрүшүндө Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников билдирди.

«Мигранттар көп иштеген тармактарда эмгек акынын өсүшү байкалууда. Ошого жараша Орусияда жумушчу күчүнүн жетишсиздиги да көрүнүп жатат»,-деди ал.

Буга чейин эң аз айлык акы айыл чарба жана курулуш тармагында болгон. Бирок, азыр абал жакшырып баратканын айтат министр.

Анын кошумчалаганындай, ушул жылы кызматкерлердин 15 пайызга жакыны минималдуу эмгек акыдан төмөн (12 792 рубль) айлык алышат. Ал эми 2022-жылы бул сумманы көтөрүп, 13 миң 890го жеткирүү пландалууда.

Азыр Орусияда эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн, анын ичинде мамлекеттик сектордо жогорулатуу үчүн «гиганттык потенциал» бар, деп билдирди Решетников.

Ошол эле учурда, өлкөдө жумушсуздуктун нормадан ашык төмөн деңгээли бар, бул төрт пайыздан бир аз ашык.

Буга чейин Орусия эмгек мигранттарынан баш тартуу планын жарыялаган. Тактап айтканда, Москвадагы курулуштарда мигранттардан баш тартуу идеясын шаардын курулуш иштери боюнча вице-мэри Андрей Бочкарев айтып чыккан. Бирок анын билдирүүсү Орусия президенти Владимир Путиндин өлкөдө эмгек мигранттарынын жетишсиздигин жарыялап, аларды ассимиляциялоо боюнча программаларды иштеп чыгууну сунуш кылган тапшырмасына карама-каршы келген.

Комментарий жиберүү