Орусияда мигранттар канча айлык алаары белгилүү болду. Сурамжылоо

Мындай жыйынтык 5 миңге жакын эмгек мигранты катышкан социологиялык изилдөөдөн кийин алынган.

Бүгүнкү күндө Орусиядагы эмгек мигранттарынын орточо айлыгы дээрлик 50 миң рублга жетет.

 Бул тууралуу Орусиянын Мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов билдирди.

Маалыматтар 2021-жыл ичинде чогултулган.

Изилдөөгө Орусияда эмгектенген Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын 4739 жараны катышкан.

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, мигранттар орто эсеп менен айына 47 100 рубль алаары белгилүү болду.

Сурамжылоого катышкандар алар каалаган айлык 77 200 рубль экенин айтышкан.

Коженов белгилегендей, орус тилин жакшы билген мигранттар тилди начар билгендерге караганда айлыкты орто эсеп менен 35% көбүрөөк алышат. Башкача айтканда, тилди жакшы билгендер 49 миң рубль алса, начар билгендер 37 миң рубль алышат.

Сурамжылоого катышкандардын болжол менен 22%ы күнүнө сегиз саат же андан азыраак иштешсе, 27,5%ы сегизден он саатка чейин иштешет.

Мигранттардын 54,4%ы Орусияга мекенинде айлык акынын аздыгынан улам келгенин айтса, 30,5%ы өлкөсүндө жумуштун жоктугун белгилешсе, 18%ы жалпы жашоо деңгээлинин төмөндүгүнө даттанышкан.

Комментарий жиберүү