Орусияда шахтадагы жарылуудан 52 адам каза болду

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кузбасстагы “Листвяжная” көмүр шахтасында болгон авариядан 52 киши, анын ичинде алты куткаруучу каза болду.

Бул тууралуу РИА Новостиге шашылыш  кызматынын өкүлү билдирди.

Башкы прокурордун орун басары Дмитрий Демешин кырсыктын себеби метандын жарылышы болушу мүмкүн деп билдирди.

Тергөөнүн алкагында, шахтанын 47 жаштагы директору, анын 59 жаштагы биринчи орун басары жана 36 жаштагы бөлүм башчысы кармалган.

“Кармалгандар өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы аныкталды. Натыйжада газ-динамикалык кубулуш пайда болуп, №4 участканын вентиляциялык штрегинен түтүн чыгып баштап, анын натыйжасында ал жактагы жумушчулар думугуп калышкан” – деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон учурда шахтада 285 киши болгон.

Буга чейин Кемеров облусунун губернатору Сергей Цивилев окуядан 11 киши каза болгонун, дагы 35 кишинин тагдыры белгисиз экенин билдирген.

Комментарий жиберүү