Орусияда эмгек мигранттардын жетишсиздигинен улам, эмгек акылары 25%га жогорулады

Орусияда жумушчуларга болгон суроо-талап 2021-жылдын биринчи жарымында өстү.

Белгилей кетсек, пандемиянын башталышы менен пайда болгон эмгек мигранттарынын жетишсиздиги дагы эле сакталууда. Бул тууралуу РБКнын суранычы боюнча HeadHunter атайын статистика даярдаган.
Пандемиянын биринчи толкуну миграциянын төмөндөшүнө алып келди – Борбор Азия өлкөлөрүнүн жумушчулары массалык түрдө үйлөрүнө кайтып келе баштаган. Абалга байланыштуу Орусияда мигрант жумушчуларга болгон муктаждык кыйла өскөн.
Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдары 2021-жылдын апрелинде гана жанданган, бирок май айында өлкөдө “пандемиянын үчүнчү толкуну” башталган.
Avito Rabota компаниясынын башкаруучу директору Артем Кампелдин айтымында, акыркы мезгилде көптөгөн тармактарда квалификациялуу жумушчулар жетишпейт. Турак жай-коммуналдык чарба, курулуш жана айыл чарбасы көбүрөөк зыян тартты. Мындан тышкары, чекене, коомдук тамактануу, тиричилик кызматтары, такси жана жеткирүү кызматтарындагы компаниялар линиядагы кадрлардын жетишсиздигин билдиришет.
Авито Работанын маалыматы боюнча, акыркы эки жылдын ичинде транспорт жана логистикадагы бош орундардын саны 136%га, курулушта – 104%га, өндүрүштө – 127%га өстү.
HeadHunterдин маалыматы боюнча, квалификациясы төмөн кызматкерлердин каалаган эмгек акысы орточо 15%га жогорулады. Мигранттардын кетиши жумушчулар үчүн атаандаштыкты жаратып, 2021-жылдын алты айында эмгек акыны 9,8% га, бир жыл үчүн 15,8% га жогорулаткан.

Комментарий жиберүү