Орусияда эмгек мигранттарынан толук баш тартууну сунушташууда

Эмгек мигранттарынан бир эле Москвада эмес, бүтүндөй өлкө боюнча баш тартыш керек.

Мындай сунушту “Адилеттүү Орусия – Чындык үчүн” фракциясынын башчысы Сергей Миронов айтып чыкканын РИА новости агенттигинин Кыймылсыз мүлккө байланышкан атайын сайты жарыялады.

Мироновдун пикиринде, Москва шаарында заманбап технологияларды колдонуу жана эмгек акыны жогорулатуу менен курулуш объектилеринде мигранттарсыз иштөөгө болот.

«Курулуштан сырткары, айыл чарбасында, чекене соодада, логистикада жана башка бардык тармактарда ушундай аракет жасоону сунуштайбыз. Айлыктар канчалык тез жогоруласа, өнөр жай ошончолук динамикалуу өнүгөт»,- деди Миронов.

Буга чейин Москвадагы курулуштарда мигранттардан баш тартуу идеясын шаардын курулуш иштери боюнча вице-мэри Андрей Бочкарев да айтып чыккан. Бирок анын билдирүүсү Орусия президенти Владимир Путиндин өлкөдө эмгек мигранттарынын жетишсиздигин жарыялап, аларды ассимиляциялоо боюнча программаларды иштеп чыгууну сунуш кылган тапшырмасына карама-каршы келген

Экономист Алексей Коренев бул демилге олуттуу каржылык салымдарды талап кыларын белгилеп, эгер мигранттар болбосо, орусиялыктарга оор физикалык эмгек менен алектенүү оңой болбой турганын эскертет.

Комментарий жиберүү