Орусияда өлкө рыногун таштап кеткен батыш өндүрүшчүлөрүнүн ордун толтуруу аракеттери көрүлүүдө

Орусиянын Ямал аралында “Арктикалык суу” заводу орус рыногун таштап кеткен батыштык өндүрүүчүлөрдүн ордун толтуруу үчүн өзүнүн продукциясынын ассортиментин кеңейтүүнүн үстүндө иштеп, анын ичинде ата мекендик Кока-Коланы өндүрүүнү пландап жатат.

Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

“Биз жеткирүүчүлөрдөн валюта айырмасын, өлкөгө экспорттолгон тетиктердин бир аз жетишсиздигин сездик. Бирок жеткирүүчүлөр жаңы жеткирүү түйүндөрүн түзө башташты жана бааларда артка жылды. Ири чет элдик компаниялар рынокту таштап кетүүдө, биздин милдет – бош орундарды мүмкүн болушунча тезирээк толтуруу”, – деп билдирди ишкананын башкы директору Сергей Кара.

Ошондой эле, компания лимонаддардын ассортиментин кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Асортиментте “Кока-Кола”, “Тархун”, “Байкал”, “Крем-сода” жаңы даамдары менен газдалган ямал суусундуктары болот.

Белгилей кетсек, Fanta жана Sprite суусундуктарын да чыгарган Coca-Cola Орусиядагы ишин токтотконун жарыялаган. Кийинчерээк PepsiCo (Pepsi, 7UP, Mirinda газдалган суусундуктарды, ошондой эле “Я”, “Фруктовый сад” и J7 ширелерин өндүрүүчү) компаниясы Орусия Федерациясында ичимдиктерди жарнамалоону жана сатууну токтоторун жарыялады.

Арктикалык суу заводу Ямалда 20 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет жана Арктикалык зонанын резиденти статусуна ээ. Өткөн беш жылдын ичинде ишканада сууну чыгаруунун көлөмү эки эсеге көбөйгөн.

Комментарий жиберүү