Орусиянын рубль менен соодалашуу ниети

Эл аралык санкцияларга кабылган Орусиянын ЕАЭБ ичинде жана союздаштары менен сооданы рубль менен жүгүртүү сунушу ара жолдо турат. Москва рубль зонасын түзүүгө киришип, ЕАЭБ ичинде бажы төлөмдөрү рубль менен бөлүнөт дегенин Казакстан жокко чыгарып, бул азыр Орусия менен Беларуска гана тиешелүү экенин айтты. Орусиянын калган өнөктөштөрү толук макулдук бере элек.

Орусиянын экономика министри Максим Решетников жакында ЕАЭБге кирген өлкөлөр бирдиктүү рубль мейкиндигин түзүүгө кирише баштаганын жарыялаган. Бирок расмий Нур-Султан ЕАЭБ алкагында өз ара соода жүгүртүүлөр үчүн эсептешүүлөрдө рубль зонасын түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөнүн четке какты.

“Бул маселе күн тартибинде жок”, – деп билдирди Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов.

Ал эми Орусиянын экономика министри Максим Решетников рубль зонасын түзүү жараяны бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүүдөн башталганын жарыялаган эле.

“Талкууланган абдан маанилүү маселе – өз ара рубль менен эсептешүү маселеси. Башкача айтканда, ар бир өлкө ала турган бажы төлөмдөрү союздук келишимде бекитилген пропорцияда бөлүнүп, алардын бюджетине түшөт. Буга чейин анын баары чет элдик валюта аркылуу жүргүзүлгөн. Учурда биз улуттук валюталар менен эсептешүүгө этап-этабы менен өтүүнү макулдаштык. Орусия үчүн төлөмдөрдүн негизги бөлүгүн рубль менен эсептешүү маанилүү. Ошентип биз бирдиктүү рубль мейкиндигин түзүүгө кирише баштадык”.

Ошол эле кезде кыргыз өкмөтү ЕАЭБ алкагында төлөмдөрдү доллардын курсу менен эсептеп, рубль менен төлөө макулдашылганын ырастаган.

Орусия – Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү. Эки өлкөнүн соода алакасынын көлөмү 2021-жылы 38% өсүп, 1,7 млрд. доллардан ашкан. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майын, металл, курулуш материалдары жана дан азыктары сыяктуу бир топ товарларды Орусиядан импорттойт.

Мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев рубль менен сатып алуу кыргыз экономикасы үчүн пайдалуу деп эсептейт.

“Азыр эми алака-катышта рублге өтөбүзбү же башка валюта болобу деген маселе турат. Буга чейинки товарлардын түрлөрү боюнча бекитилген келишимдерди кайрадан карап чыгуу керек. Күйүүчү майды жана газды рубль менен бааласа, анда биздин өлкө үчүн мындай импорттук операциялар бир топ пайдалуу болот эле. Ошондуктан биздин адистер муну өкмөттүк деңгээлде паритеттик негизде карап, биздин улуттук экономикага залалы тийбегендей кылып, иштеп чыгышы зарыл. Бүгүнкү күндө Орусияда эл аралык санкциялык чараларга байланыштуу бир топ соода жүгүртүү багыттары токтоп калды. Мына ошол рынокту биздин өлкө өздөштүрүп кетиши үчүн аталган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып калуу милдети турат”.

Евразиялык комиссияда бул маселе боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдө Орусия тарап өз ара соода жүгүртүүдө товарларды доллар менен эсептеп, рубль менен төлөөнү сунуштаганы айтылды. Бирок күйүүчү-майлоочу май сыяктуу стратегиялык маанидеги Орусиядан импорттоло турган товарлар кайсы валютада бааланып, сатылып алынары азырынча макулдашыла элек.

Буга чейин Кыргызстан күйүүчү майды жана газды доллар менен сатып алып келген. Финансылык аналитик Кубан Чороевдин айтымында,Орусия доллар менен баалап, рубль менен төлөтөт.

“Негизи энергетикалык ресурстардын баасы дүйнөлүк валюта болгон АКШ доллары менен бааланат. Ал эми аны доллардын курсу менен алынып, төлөө рубль менен жүргүзүлөт. Анда эч кандай деле айырмачылык болбойт. Рублди сатып алуу үчүн доллар же евро керек. Орусия эмне себептен ал товарларын рубль менен сатууну көздөп жатат. Анткени, ал санкцияларга кептелип турганда анда тышкы соода үчүн доллар жана евронун таңкыстыгы болбошун камсыздоо керек. Бул ошол үчүн ушундай чара көрүлүп жатат”.

Азыр Орусия менен иштеген кыргызстандык компаниялардын өз ара эсептешүүлөрү кайсы валютада жүргүзүлөрү белгисиз. Мурда доллар менен бекитилген соода алакасы сакталабы же рублге өткөрүлөбү? Андай болсо, ал валютаны сатып алуу механизмдери кандай болот? Азырынча бул суроолорго жооп жок.

“Орусиядан бир нерсе сатып алуудан мурун долларга же еврого рубль сатып алууга туура келет. Ошону менен Орусия рублге болгон суроо-талапты камсыздоого аракет жасап жатат. Эгерде рублдин долларга карата курсун согушка чейинки курс менен чектесе, анда мындай алды-саттыны рубль менен соода жүгүртүү деп атоонун деле кереги жок. Бул доллар же евро менен эсептешкенге эле барабар. Ошондуктан импорттоло турган товарды эски курс менен байлабаш керек. Эгерде рублдин өзүнүн азыркы куну менен эсептешүү жүрсө, анда бул нерсе Кыргызстан үчүн пайдалуу болот”, – дейт экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров.

Буга чейин Орусия ЕАЭБ алкагында еврого окшош бирдиктүү рубль зонасын түзүү демилгесин сунуштап келген.Бул маселе көптөн бери талкууланып, Казакстан сыяктуу бул уюмдун башка мүчөлөрү муну келечектин иши катары толук колдогон эмес.

Бул жолу да расмий Нур-Султан эсептешүүлөрдү рублга өткөрүүгө каршы чыкты. Рублди бирдиктүү валюта катары кабыл алууну айрым эксперттер өлкөнүн суверенитетин чектейт деп эсептешет.

Кубанычбек Жолдошев

Комментарий жиберүү