Орусиянын ТИМи Украинадагы атайын операцияны аяктоо шартын атады

Украинадагы атайын операция Киевдин НАТО тарабынан башкарылуу коркунучу жоюлганда аяктайт.

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ боюнча экинчи департаментинин директору Алексей Полищук ТАСС агенттигине берген маегинде айтты.

“Атайын аскердик операция анын милдеттери аткарылгандан кийин аяктайт. Анын ичнде Донбасстын карапайым калкын коргоо, Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо, ошондой эле НАТО өлкөлөрү тарабынан анын башкарылып жатканына байланыштуу Украинанын аймагынан Орусияга келип жаткан коркунучтарды жок кылуу максаты бар”, – деди Полищук.

Ошондой эле ал, атайын операция план боюнча жүрүп жатканын жана анын бардык максаттары ишке ашырыларын белгиледи.

Буга чейин, Донецк Элдик Республикасынын башчысы Денис Пушилин атайын операция бардык максаттар ишке ашмайынча улана берерин билдирген. Ал Москва баштаган атайын операция ДЭР үчүн боштондукка чыгуу операциясы деп баса белгиледи.

Ал эми Луганск Элдик Республикасынын башчысы Леонид Пасечник Донбасстагы жаңжал эртерээк бүтөөрүн божомолдогон. Ал 2014-жылдын 14-апрелинде Украина расмий түрдө “антитеррордук операцияны” баштаганын, анын натыйжасында Донбасстын тургундарына “авиабомбалар, тактикалык ракеталар, миналар жана украин куралдуу күчтөрүнүн жана улутчул батальондордун снаряддары жааганын эске салып өткөн.

7-мартта Песков Донбассты коргоо боюнча атайын операцияны токтотуу үчүн Киев Москванын Украинанын бейтарап макамы боюнча талаптарын аткарууга, ошондой эле Крымды Орусиянын аймагы, ал эми ДЭР менен ЛЭРны көз карандысыз мамлекет деп таанууга тийиш экенин билдирген.

Комментарий жиберүү