Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Байденге эскертүү берди

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Байдендин башкаруусундагы Америка Кошмо Штаттарын эки мамлекеттин мамилелерине таасир этүүчү жосунсуз жоруктардан сак болууга чакырды.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын ТИМи өз билдирүүсүндө америкалык дипломаттардын орусиялык экстремизге үндөө аракеттери ийгиликсиз аяктагандыгын жана бул аракеттер акыры Москва-Вашингтон мамилелерине терс таасирин тийгизерин эскертти. Министрлик мындай деп кошумчалады: “Америка Кошмо Штаттары оболу өзүнүн ички көйгөйлөрүн, анын ичинде коомдогу социалдык адилетсиздиктен улам пайда болгон терең жараканы чечиши керек”. Министрлик ошондой эле АКШнын Москвадагы элчилигинин Жогорку даражалуу дипломаттарын чакыртуу чечимин жарыялады.
Белгилей кетсек, АКШнын Орусиядагы дипломатиялык миссиясы демонстранттардын арасындагы зомбулукту үгүттөгөн жана ал тургай жашы жете элек балдарды мыйзамсыз нааразычылык акциясына чыгууга үндөгөн деп айыпталууда.
Буга чейин  Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын элчилиги Орусиянын ар кайсы шаарларында нааразычылык митингдерине алып баруучу маршруттардын карталарын жарыялаганы үчүн жооп бериши керек деп эскерткен.
Эске салсак, нааразылык акциялары Москвадагы оппозициячы Алексей Навальныйдын камакка алынышына жооп иретинде уюштурулуп, ага АКШ түрткү болгон.
Ал эми окуяга байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс Орусия бийлигин Москвадагы оппозициянын өкүлү Алексей Навальныйды бошотууга чакырган.
Маалыматтарга таянсак, бул дипломатиялык тирешүүлөрдү Жо Байдендин инаугурация салтанатына чейин Трамп дайындаган АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливан аркылуу уюштурулган. Маалыматтарда Байден, ошол учурда Жон Салливанды азырынча отставкага кетпей труусун талап кылганы айтылат.
Шарттуу жазасын өтөп жаткан Навальный өткөн жекшембиде Москванын Шереметьево аэропортунан камакка алынган. Ал Орусиянын Федералдык полициясы тарабынан шарттуу түрдө эркинен ажыратуу эрежелерин бир нече жолу бузгандыгы үчүн 2020-жылдын декабрь айынан бери издөөдө жүргөн.

Комментарий жиберүү