Орусия «дос эмес өлкөлөргө» газды рубль менен сатат

Орусия “дос эмес өлкөлөргө” газды жеткирүүдө төлөмдү рубль менен алат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин 23-мартта өкмөт мүчөлөрү менен болгон кеңешмеде билдирген.

“Товарларды Евробиримдикке, АКШга  жеткирип, төлөмдү доллар , евро жана башка бир катар валюталар менен алуунун мааниси жок. Ошондуктан, кыска убакыт аралыгында “дос эмес өлкөлөргө” газды экспорттоодо төлөмдү рубль менен алуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу чечимин кабыл алдым. Башкача айтканда, өзүн-өзү актабаган валюталар менен эсеп жүргүзүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алдым”, – деген Путин.

Ал Орусия буга чейин түзүлгөн келишимдерде белгиленген көлөмгө жана баа принциптерине ылайык жаратылыш газын жеткирүүнү уланта берерин баса белгилеген.

Мамлекет башчысы ошондой эле “Газпромго” газды жеткирүү боюнча бардык келишимдерди тез арада рублга которууну тапшырган.

Эске  салсак, Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. Ага жооп катары Батыш Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизген.

Орусиянын өкмөтү буга жооп кайтарып 7-мартта Москвага каршы достукка жатпаган аракеттерди жасаган чет мамлекеттердин жана аймактардын тизмесин бекиткен. Тизмеге 48 өлкө жана аймактар кирген, алардын катарында ЕБ өлкөлөрү жана АКШ бар.

Комментарий жиберүү