Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттоого киргизилген тыюуну алды

Орусиянын өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого киргизилген чектөөнү алып таштады. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Маалыматта Орусиянын Айыл чарба министрлиги берген уруксаттын негизинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттосо боло турганы айтылат.

14-марта Орусия өкмөтү ички рынокту коргоо максатында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 30-июнга чейин тыюу салган.

Буга чейин БУУнун эксперттери Украинадагы согуш айыл чарба азыктарынын тартыштыгына алып келиши мүмкүн экенин божомолдошкон. Себеби Украина менен Орусия өсүмдүк майы менен буудай рыногунда басымдуу үлүшкө ээ.

Комментарий жиберүү