Орусия Ирак өкмөтүн «Астана диалогу» саммитине катышууга расмий түрдө чакырат

Ирак өкмөтү «Астана процесси» саммитине катышуу үчүн Орусиядан расмий чакыруу алды.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирак ТИМи 14-февралда Ирактын тышкы иштер министринин орун басары Низар аль-Хайрулла Орусиянын Багдаддагы элчиси Максим Максимов менен жолугушуп, аны расмий түрдө Астана жыйынына байкоочу катары катушууга чакырганын жарыялады.
Билдирүүгө ылайык, Астанадагы процесстин 15-саммити 16 жана 17-февраль күндөрү Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлүп, анда Сириядагы коопсуздук, саясий жана гуманитардык өнүгүүлөр талкууланмакчы.
Белгилей кетсек, кечэ өткөн Аль-Хайрулла менен Максимовдун жолугушуусунда ар кандай эл аралык жана аймактык маселелер талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ирак менен Орусиянын Сириядагы кризисти чечүү жолдору боюнча көз караштарынын жакындыгын жана чет элдик кийлигишүүсүз сириялыктардын ортосунда ишенимди калыбына келтирүү менен саясий чечимди орнотуу зарылдыгын белгилешти.

Комментарий жиберүү