Орусия Мариуполдогу заводдо гуманитардык коридор ачканын жарыялады

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводунун аймагында камоолдо жаткан жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор ачканын жарыялады. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына коюлду.

Анда коридор Москва убактысы боюнча 14:00дө (Бишкек убактысы боюнча 17:00) иштеп баштай турганы, ушул убакыттан тартып орус аскерлери ок атууну бир тараптуу токтотуп турары белгиленет.

Азов деңизинин жээгинде жайгашкан шаардын дээрлик бардык аймагын орус аскерлери басып алган. Аталган заводдун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен камоолдо калды. Орусиянын аскерлери заводго улам-улам чабуул жасап жатат.

Украинанын расмий бийлиги заводдун алдындагы тоннелдик лабиринттерде миңден ашуун жайкын тургундар баш калкалап жатканын маалымдап келет. Киев аларды чыгарып кетүү үчүн коопсуз жол уюштурууну Орусияга бир нече жолу сунуштаган. Ал аракеттерден жыйынтык чыкпай келген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-апрелде коргоо министри Сергей Шойгуга Мариуполдогу “Азовсталь” заводуна чабуулду токтотуп, орус аскерлеринин өмүрүн сактап калуу үчүн аны курчоону тапшырган. Өлкөнүн Коргоо министрлиги мындан кийин заводдогу украин аскерлерин аткылоо токтогонун билдиргени менен чабуул уланып жатты. (ErN)

Комментарий жиберүү