Орусия менен Кытайдын соода алакалары өсүүдө

Орусия менен Кытай 2024-жылга чейин соода көлөмүн 200 миллиард долларга жеткириши мүмкүн.

Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Харбин шаарындагы Башкы консулдугу билдиргенин “Риа Новости” жазды.

Кытай бажысынын маалыматына караганда, 2022-жылдын биринчи чейрегинде Орусия менен Кытайдын ортосундагы соода өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,7 пайызга өсүп, 38,17 миллиард долларды түзгөн. Кытайдын Орусияга экспорту 25,9%га өсүү менен 16,4 млрд долларга, импорту 31%га өсүп 21,7 млрд долларга жетти.

Дипломатиялык өкүлчүлүк бул ишкердик жигердүүлүк төмөн болгон биринчи кварталдагы эле көрсөткүч экенин, жыл аягына чейин өсүү темпи мындан дагы жогоруларын баса белгилеген.

“Белгилей кетүүчү нерсе, биздин өлкөлөр ортосундагы ишкердик жигердүүлүк салттуу түрдө биринчи кварталда төмөндөйт, статистикага ылайык, эки тараптуу сооданын туу чокусу адатта жылдын экинчи жарымына туура келет”, – деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматта, эки өлкөнүн 2024-жылга чейин өз ара соода алакаларынын көлөмүн 200 миллиард долларга жеткирүү пландалып жатканы жана Батыш санкциялары жана орус-кытай соода-экономикалык кызматташтыгынын тездик менен өсүшү шартында, бул андан да эртерээк болушу мүмкүн экени  айтылат.

2021-жылдын акырына карата Россия менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 35,8%га өсүп, рекорддук 146,887 миллиард долларды түзгөн.

Комментарий жиберүү