Орусия менен Украинанын делегациялары Стамбулдагы Долмабахче сарайына келишти (видео)

Орусиянын делегациясы Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Стамбулдагы Долмабахче сарайына келгенин РИА Новостиге дипломатиялык чөйрөлөрдөгү булак билдирди.

Буга чейин бул жерге украиналык делегация келген.

Делегациялардын алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сөз сүйлөдү.

“Сүйлөшүүлөр бүткүл дүйнөгө үмүт берди. Чыр-чатактын созулушу эч кимге пайда алып келбейт. Согушта жеңүүчү болбойт. Сүйлөшүүлөр натыйжа бере турган учур келди. Түркияда биз муну чын жүрөктөн каалайбыз жана жардам берүүгө даярбыз”, – деди Эрдоган.

Эске салсак, делегациялардын алгачкы сүйлөшүүлөрү 28-февралда Беларустун Гомель облусунда өткөн. Андан соң Орусия менен Украинанын өкүлдөрү 3-мартта Беловежа чер токоюнда, 7-мартта Брест облусунда жолугушкан. Март айынын ортосунда жолугушууларды күн сайын онлайн режиминде өткөрүү чечими кабыл алынган.

Комментарий жиберүү