Орусия Сибирден Кыргызстанга электр өткөрүүчү линия курууну көздөөдө

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумдун алкагында “ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетикалык коридорлорун түзүүнүн келечеги” сессиясы болуп өттү.

Анын алкагында Орусиянын энергетика министри Николай Шульгинов Сибирден Кыргызстанга Казакстан аймагы аркылуу электр өткөрүүчү линияны куруу планы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы электр энергиясын алмашууну күчөтөт.

“Кыргызстанда талкуулап баштаган, координациялык кеңешке берилген дагы бир кызыктуу долбоорлордун бири –  Казакстандын аймагы аркылуу Сибирден Кыргызстанга узартылган линияны куруу. Бул ЕАЭБ ортосундагы электр энергиясын алмашууну күчөтөт”, – деди Шульгинов.

Ал Орусия өз кезегинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн электр энергетикасынын үзгүлтүксүз ишенимдүү иштешин камсыздоого көмөктөшүүгө жана энергетика системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин белгиледи.

Шульгинов Орусия Борбор Азиянын электр энергетикасы боюнча координациялык кеңешине мүчө статусун алышы керек экенине дагы бир жолу көңүл бурду. Учурда Орусия байкоочу статусуна ээ.

Мындан тышкары, министр Тажикстан 2009-жылы чыгып кеткен Борбор Азия энергошакекчесине кайтып келиши туура болот деп эсептеди.

Белгилей кетсек, аталган сессиянын модератору «Нефть и Капитал» журналынын башкы редактору Владимир Бобылев, спикерлер Орусиянын энергетика министри Николай Шульгинов, ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча коллегия мүчөсү, министр Темирбек Асанбеков, Армениянын аймактык башкаруу жана инфраструктура министринин орун басары Акоб Варданян, Белоруссиянын энергетика министри Виктор Каранкевич, Казакстандын Энергетика министринин орун басары Жандос Нурмаганбетов, Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаев, “Санкт-Петербург эл аралык товардык-сырьелук биржасы” АКнун президенти Алексей Рыбников болушту.

Комментарий жиберүү