Орусия Украинадагы операцияда 1351 аскери набыт болгонун билдирди

Украинада аскердик атайын операция башталгандан бери 1351 орус аскери набыт болуп, дагы 3825 киши жарадар болгон.

Бул тууралуу журналисттерге Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары, генерал-полковник Сергей Рудской билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

“Тилекке каршы, атайын аскердик операция учурунда биздин жоокерлердин арасында жоготуулар болуп жатат. Бүгүнкү күндө 1351 аскер кызматкери каза болуп, 3825и жарадар болгон”, – деди ал.

Рудской курман болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Бул министрликтин аскердик атайын операция башталгандан бери курман болгон орусиялык аскер кызматкерлери тууралуу маалыматты экинчи жолу ачыкка чыгаруусу.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков 2-мартка карата 498 аскер кызматкери курман болгонун билдирген.

Ошол эле учурда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын (AFU) маалыматы боюнча, 21-мартка карата орус аскерлеринин жеке курамынын жоготуулары 15 миңге жакындап, 45 миң аскер жарадар болуп, 1000 орус аскери туткунга алынганы кабарлоодо.

Эске  салсак, Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган.

БУУнун маалыматы боюнча андан бери Украинадан 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Комментарий жиберүү