Орусия Украинада канча аскердик техникасын жоготту?

Орусиянын армиясы Украинада чоң жоготууларга учураганына карабастан, “акырындык менен ийгиликтерге жетишип жатат”.

Бул тууралуу 26-майда АКШнын Коргоо министрлигинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген жогорку кызматтагы өкүлү билдирди.

Анын айтымында, азырынча Украина ийгиликтүү түрдө “катуу каршылык көрсөтүп” жатканы менен Орусия украин аскерлерине жана Донбасстагы шаарлар менен түрдүү объектилерге соккуларын улантууда. Ошол эле маалда азырынча андагы абалды “пат” абалына жакын деп айтууга болбойт.

Пентагондун аткаминери украин армиясы “Харьковдун айланасында акырындык менен ийгиликтерге жетишип”, жыйынтыгында Орусия акыркы 90 күндөн бери өз көзөмөлүндө калтырууга аракет кылып келген бир катар аймактар бошотулганын белгиледи.

“АКШнын Коргоо министрлигинде согуш башталгандан бери орус армиясы бери дегенде эле 1000 танкын, 36 учагын жана 50дөн ашык тик учагын жоготкону тууралуу маалыматтар бар. Бирок ошентсе да техника жана адамдардын саны боюнча Украинадан кыйла артыкчылыктарга ээ. Азыр Украинада Орусиянын 110 батальонндук-тактикалык тобу бар. Алар Славянск жана Краматорск тарапты көздөй кыйла алдыга жыла алышты,” – деди Пентагондун аткаминери.

Ал жакында Орусиянын Коргоо министрлиги армияга 50 жаштан ашкан эркектерди да кабыл алууга уруксат берген чечим кабыл алганын да эске салды. Буга чейин бул курактык чек 40 жашты түзгөн. “Москва фронттогу аскердик күчтөрүн толуктоонун түрдүү жолдорун табууга аракет кылып жатканына байкоо салып турабыз” – деди ал.

Комментарий жиберүү