Орусия 2020-жылы 12000 кыргызстандыкка жарандык берген

Кыргызстандыктардын Орусиянын жарандыгын алуу үчүн суроо-талабы кыскарды.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Иммиграция кызматы 2020-жылы 12 миң кыргызстандык ушул өлкөнүн жарандыгын алганын билдирди.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы жумушка жана саякатка чектөө киргизилгендиктен, Кыргызстандын жарандарынын Орусиянын жарандыгын алуу үчүн каттоосу 2019-жылга салыштырмалуу 318 миңге аз болгон.
Белгилей кестек, Орусияга 10 кыргызстандыктын сегизи жумушка орношуу максатында кетишет.
 Ал эми өзбекстандыктар Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Орусиянын жарандыгын алууга кызыктар болгон биринчи калк болсо, андан кийин тажиктер, украиндер жана кийинкисинде кыргызстандыктар турат.
Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарлары эмгек мигранттары үчүн эң белгилүу шаарларга кирет.

Комментарий жиберүү