Орусия Google компаниясына талаптарды аткарбаганы үчүн кайрадан айып салды

Москванын соту Google компаниясынын башкы компаниясы Alphabetке үч миллион рубль айып салды.
«Фарс» агенттигинин маалыматына ылайык, Москванын соту Google компаниясынын башкы компаниясы Alphabetке үч миллион рубль айып салды. Бул айып пулдун себеби, Google орус өкмөтүнүн өтүнүчүн четке кагып, мыйзамсыз мазмунду өчүрбөй койгон.
Орусия ошондой эле жайында Google компаниясына үч миллион рубль (400 386 доллар) айып салган.
Орусия октябрь айында Google компаниясын издөө системаларынан жана YouTube сайтынан мыйзамсыз мазмунду алып салбаса, чоң айыпка жыгылаарын айткан. Айып пулдун өлчөмү Google компаниясынын Орусиядагы жылдык кирешесине негизделген.

Google өткөн айда Орусияда 32 миллион рубль айыпка жыгылган.
Орусиянын көзөмөл органдары АКШнын технологиялык компанияларынын мыйзам бузууларына каршы катуу чара көрүүдө.
Твиттердеги ушуга окшош мыйзам бузуулардан улам март айынан бери Орусияда аларга кирүүнү жайлатып, Твиттер мыйзамсыз мазмунду жок кылганга чейин улана турганын билдирди.

Комментарий жиберүү