Орус окумуштуулары көмүр кычкыл газына каршы антидот ойлоп табышты

Россиянын Федералдык медициналык жана биологиялык агенттигинин адистери көмүр кычкыл газына каршы антидот ойлоп табышты.

Бул тууралуу ФМБАнын жетекчиси Вероника Скворцова журналисттерге билдиргенин орус басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, аталган препарат буга чейин каттоодон өткөн.

“Биз фосфорорганикалык кошулмаларга каршы антидоттордун бүтүндөй линиясын жана көмүртек кычкыл газына каршы инновациялык, жаңы катталган антидотту сунуштайбыз”, – деди Скворцова.

Ал белгилегендей, биринчи кезекте мындай антидоттор Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана өрт өчүрүүчүлөр үчүн керек.

Агенттик ошондой эле пес (кислотага туруктуу бацилла Mycobacterium leprae аркылуу пайда болгон өнөкөт жугуштуу оору) жана безгекке каршы эки жаңы дары өндүргөн.

Учурда ал бардык белгилүү вирустарды аныктоого жөндөмдүү тесттик системалардын линиясын чыгаруунун үстүндө иштөөдө.

Комментарий жиберүү