Пакистандагы суу ташкыны миңден ашуун адамдын өмүрүн алды

Пакистанда жаан-чачындын мезгили көптөгөн суу ташкындары менен коштолуп, миңден ашуун адам каза тапты.

Бул тууралуу өлкөнүн Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук башкармалыгынан билдиришкенин чет элдик ЖМКлар жазышты.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 14-июндан бери уланып жаткан муссондук жамгыр жана суу ташкынынын кесепетинен 1033 адам каза болуп, 1527 адам жаракат алган.

Акыркы суткада 119 адам каза болуп, 71 адам жаракат алды.

Мындан тышкары, нөшөрлөп жааган жамгырдан жана  нугунан ашкан дарыя сууларынан улам 3451,5 чакырым жол бузулуп, 149 көпүрө урап, 949,8 миң үй толугу менен же жарым-жартылай талкаланып, 719,5 миңден ашуун мал кырылды.

Акыркы маалыматтар боюнча суу ташкынынан 33 миллиондон ашык адам жабыркады.

Буга чейин Пакистандын бийлиги өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялап, башка өлкөлөр менен эл аралык уюмдарды ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырган. 

Пакистанда акыркы 30 жылда орто эсеп менен 134 миллиметр жаан жааса, быйыл 388,7 миллиметр жаан жааган, бул орточо көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе көп.

Комментарий жиберүү