Пакистанда автобус менен бензин ташыган унаа кагышып, 20 адам каза болду

16-августта Пакистандын Мултан шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус менен күйүүчү май ташуучу автоунаа кагышып, кырсыктан кеминде 20 адам өлдү. Бул тууралуу “Азаттыктын” Пакистандагы кызматы – “Машаал” радиосу бийлик өкүлдөрүнө таянуу менен кабарлады.

Баштапкы маалыматтарга караганда, автобустун айдоочусу рулда баратып уктап кеткен болушу мүмкүн.

Пакистанда өлүмгө алып келкегн жол-транспорттук кырсыктар көп катталат. Буга жолдун начардыгы, начар тейленген транспорттук каражаттар жана баш аламан айдоо себеп болот.

2015-жылы да түштүк округдардын биринде жүргүнчү ташуучу автобус мунай танкери менен кагышып, 62 адам көз жумган.

Мултан шаары өлкөнүн борбору Исламабаддан 540 км алыстыкта жайгашкан. Пенжаб провинциясына карайт жана Индия менен чек арага жакын.

Комментарий жиберүү