Пакистанда нөшөр: 90 адам каза болду

1-июндан бери нөшөрлөп жааган жамгырдан каза болгондордун саны 90го жетип, 63 адам жаракат алды.

Пакистандын Белужистан провинциясында 1-июндан бери уланып жаткан нөшөрлөгөн жамгырдан каза болгондордун саны 90го жетти.

Белужистандын Апаат Башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Кетта жана Жаффарабад шаарларында акыркы 24 саатта жааган жамгырдан улам дагы 3 киши каза тапты.

Аймакта 1-июндан бери нөшөрлөп жааган жамгырдан каза болгондордун саны 90го жетип, 63 адам жаракат алды.

Аймак боюнча 706 айыл чарба жаныбары селден кырылып, 4000ге жакын үй жараксыз абалга келди.

Жетекчилер, 9 көпүрөнүн жана көптөгөн жолдордун суу астында калганын, аймакка 30 жылдан бери биринчи жолу катуу жаан жааганын билдиришти.

Комментарий жиберүү