Пакистанда суу ташкынынан улам азык-түлүк каатчылыгы болууда

Пакистандын өкмөтү июль айынан бери уланып жаткан суу ташкындарынан улам түрдүү жугуштуу оорулардын жайылып жатканына жана азык-түлүк тартыштыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Бийликтин маалыматына караганда, өлкө аймагынын 25%ы суу алдында калды. 31-августка карата көпчүлүк райондордо сел токтогону кабарланды. Жаратылыш кырсыгынан бери дегенде эле 1100 киши каза болуп, он миллиондогон адам жабыркап, дээрлик 1 миллион турак жай зыянга учурады.

БУУ донор өлкөлөрдү тез арада Пакистанга 160 миллион доллардан кем эмес жардам берүүгө чакырды. Расмий маалыматтар боюнча, суу ташкындарынан улам Пакистандагы 220 миллион кишинин 500 миңи үйлөрүн таштап, коопсуз райондордогу лагерлерде жашоого аргасыз болууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Пакистандагы өкүлчүлүгү медициналык жардам көрсөтүү, эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана селден зыянга учураган райондордо жугуштуу оорулардын жайылышына жол бербөө боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф бул өлкө тарыхындагы эң күчтүү сел болгонун билдирди. 31-августтагы билдирүүсүндө ал суу ташкыны 700 миң баш малды жана айдоо аянттарын жууп кеткенин айтты.

Комментарий жиберүү