Пакистанда эки поезд кагылышып, ондогон адамдар каза тапты

Пакистанда жүргүнчү ташыган эки поезд кагылышып, кеминде 36 жүргүнчү каза болуп, 50дөн ашуун адам жаракат алды.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Окуя бүгүн, дүйшөмбү күнү эртең менен Пакистандын Синд провинциясында болгон. Провинциянын Готки шаарынын комиссарынын орун басары Усман Абдулла эки поезддин кагылышуусынун натыйжасында болжол менен 14 вагон оодарылып кеткен, ал эми сегиз вагон толугу менен талкаланганын билдирди.

Пакистандын маалымат каражаттары курман болгондордун көпчүлүгү Карачиден Пенджабга жана Равалпиндиден Карачиге бара жаткан жүргүнчүлөр болгонун кабарлашты. Пакистандын түштүгүндөгү ооруканалардагы маалымат булактардын билдирүүлөрүнө караганда, жаракат алгандардын айрымдарынын абалы оор жана каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн.
Мындай окуя Пакистанда акыркы үч айдын ичинде экинчи жолу болуп жатат. Март айында да Пакистандын ошол эле Синд шаарында жүргүнчү ташуучу поезд рельстен чыгып кетип, эки адам каза болгон жана  кеминде 40 жүргүнчү жаракат алышкан.

Комментарий жиберүү