Пакистандын аскер күчтөрү чек арада оогандарга ок чыгарышты

Пакистандын аскер күчтөрү Торхам өткөрмө бекетинин жанына өлкөгө мыйзамсыз кирүүнү каалаган ооган жарандарына карата ок чыгарды.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнө шилтеме берип билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жалпысынан он адам чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан. Натыйжада үчөө каза болуп, бешөө жаракат алган. “Өлгөндөрдүн сөөгү чек ара бекетинде жатат”,- деп кошумчалаган агенттикке маалымат берген адам.

Талибдер Кабулду ээлеп алган 15-августтан бери Ооганстандан чыгып кетүүнү көздөгөн качкындардын саны көбөйгөн. Алар кошуна Тажикстан, Өзбекстан, Иран, андан ары Түркиянын Ван аймагы аркылуу өтүшүүдө.

Ал арада АКШ жана анын өнөктөштөрү 88 миңдей адамды чыгарып кетишти. Соңку бир суткада эле 19 миң киши эвакуацияланды. АКШ учактары ар бир 39 мүнөттө абага көтөрүлүп жатканын аскерлер билдиришти.

Комментарий жиберүү