Пекинде кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды

Кечээ, 20-февралда Кытайдын борбору Пекин шаарында кышкы Олимпиада оюндары аяктап, атайын салтанат менен жыйынтыкталды.

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Пекинде өткөн XXIV Кышкы Олимпиада оюндарын жабык деп жарыялап, оту өчүрүлдү.

Жыйынтыктоо салтанаты Кытайдын борбор калаасындагы Улуттук стадиондо өтүп, ал спортчулардын парады менен коштолду.

Оюндардын жүрүшүндө жалпысынан cпорттун 15 түрү боюнча 109 медалдын комплектиси ойнотулду

Алтын медалдардын саны боюнча биринчи орунду Норвегия, экинчи орунду Германия жана үчүнчү орунду Кытай ээледи. АКШ бул жолу төртүнчү орунга чыкса, Россия тогузунчу болуп калды.

Маалыматка караганда, быйылкы Олимпиада коронавирус пандемиясынан улам чектөөлөрдүн шартында өттү. Баардык спортчулар жана аларды коштоп келген адамдар улам тест тапшырып, эки жакка ээн-эркин чыга алышкан жок.

Кыргызстандан бул Олимпиадага бир гана спортчу Максим Гордеев лыжа тебүүнүн слалом түрү боюнча катышты. Ал 88 лыжачынын арасында таймашып, марага жетпей калды.

Белгилей кетсек, кийинки Кышкы Олимп оюндары 2026-жылдын февраль айында Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт.

Комментарий жиберүү