Песков Орусия өзөктүк куралды кайсы учурда колдонушу мүмкүн экенин айтты

Орусия өзөктүк куралды өлкөнүн коопсуздугуна реалдуу коркунуч жаралган учурда колдонушу мүмкүн.

Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков CNN телеканалынын эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды.

“Бизде улуттук коопсуздук боюнча концепция бар, ал баарына ачык жеткиликтүү. Өзөктүк курал кайсы учурда колдонула турганын ал жактан окусаңар болот. Башкача айтканда, эгер өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаралса, анда ал биздин концепцияга ылайык колдонулушу мүмкүн”, — деп билдирген ал.

Кремлдин өкүлү белгилегендей, текстте башка себептер көрсөтүлгөн эмес.

Комментарий жиберүү