Президенттер Бишкекке келбейт. ЕАЭБтин жыйыны онлайн режиминде өтөт

27-майда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны видеоконференция режиминде өтөт.

Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович Беларус Республикасына жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттерге берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 26-майда өтө турган биринчи Евразиялык экономикалык форумга да Биримдиктин мамлекет башчылары видеоконференция аркылуу катышат.

Саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар.

«Биз муну бетме-бет форматта өткөрүүгө даярданып жатканбыз, бирок жакында эле чечим кабыл алынып, мамлекет башчылары форумга жана Кеңештин жыйынына видеоконференция байланыш аркылуу катыша турган болду», – деди Мясникович.

Бирок, кийинчерээк Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке келери белгилүү болду.

Ал белгилегендей, форумдагы секциялардын жана панелдик талкуулардын иши пландалгандай эле бетме-бет форматта өткөрүлөт.
ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия кирет.

2021-жылы Евразиялык экономикалык жогорку кеңешке Казакстан төрагалык кылган. Анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн жана кеңешке төрагалык кылууну былтыр декабрь айында Кыргызстан өткөрүп алган.

Комментарий жиберүү