Президент Садыр Жапаров: Азыр ар бир күн Кыргызстан үчүн кылымга тете

«Азыр биздин эс алууга укугубуз жок, анткени азыркы ар бир күн Кыргызстан үчүн кылымга тете.  Биз күнү-түнү элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө ант бергенбиз, өзгөртүүлөрдү күткөн элдин үмүтүн актайбыз», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  31-январда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мыкан айылында «Ынтымак-билим» жалпы билим берүү жана маданий-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу менен таанышуунун жүрүшүндө. 

Аталган комплексти Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы каржылоодо. Бул тууралуу КРнын Президентинин расмийц сайтында маалымат берилди.

Комплекске 500 орундуу  мектеп, спорт зал, ФАП, административдик имарат, мечит,  футбол талаасы жана оюн аянтчалары кирет.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулардын алдында сүйлөгөн сөзүндө  президенттик шайлоодо анын талапкерлигин колдогондору үчүн ыраазычылыгын билдирди, эми бардык күч-аракетин алардын ишеничин актоого жана  өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жумшай турганын белгиледи.

Ошондой эле ал, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясына Кыргызстан үчүн оор кырдаалда  социалдык объектилердин курулушуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Коюлуп жаткан биринчи кыш өлкө боюнча курулуштардын башталышынын белгиси болсун. Инвесторлор жана өнөктөштөр үчүн биздин эшигибиз ар дайым ачык», – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы белгилегендей, инаугурациядан кийин бир катар инвесторлор менен жолугушуу өткөрүп, анда алар өлкө боюнча авариялык абалдагы мектептерди капиталдык реконструкциялоого колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги сырттан келген жардамдарды жана ички булактарды колдонуп, жакынкы эки жыл аралыгында бала бакчаларга, мектептерге жана ФАПтарга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кыларын баса белгиледи.

Садыр Жапаров “Ынтымак-билим” комплексиндеги мектептин курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты. Мектептин жаңы окуу жылына – 2021-жылдын сентябрына чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

Комментарий жиберүү