Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу элге кайрылуу жасап жатып, Баткенге барабыз деген жигиттерге, жаштарга кайрылып,  аларды сабыр кылууга чакырды.

” Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил. Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп бериңиздер”, – деди өлкө башчы.

Комментарий жиберүү