Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен Россия Федерациясынын Сочи шаарына жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушуунун жүрүшүндө коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, Кыргыз Республикасына россия вакцинасын жеткирүүнү талкуулоо мерчемделүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

Комментарий жиберүү